// //

22 жаштагы томолой жетим жигитмин. Кантип паспорт алсам болот?

2022.04.04, 16:15
1679

Саламатсызбы! Мен томолой жетиммин. Туугандарым дагы жок. Кантип паспорт алсам болот? 22 жаштамын. 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
04.04.2022, 16:21

Бакай Алишеров

КР Мамлекеттик каттоо кызматынын Уюштуруу-коммуникация иштери бөлүмүнүн жетектөөчү адиси

Бул учурда жарандыкты аныктоо боюнча комиссия аркылуу каралат. Жаран аймактык бөлүмгө (жарандык абалдын актыларын каттоо жана калкты каттоонун аймактар ​​аралык башкармалыгы) арыз менен кайрылууга тийиш, арызга төмөнкүлөр тиркелүүгө тийиш:

  • өздүгүн тастыктаган документтин түп нускасы жана көчүрмөсү (паспорт же туулгандыгы тууралуу күбөлүк)
  • деталдуу автобиография
  • ак фондо 4×6 өлчөмүндөгү 2 сүрөт
  • Кыргыз Республикасынын аймагында үзгүлтүксүз жашагандыгын тастыктаган төмөнкү документтердин бири: каттоо белгиси бар паспорт, жашаган жеринен маалымкат, окуган, иштеген жеринен маалымкат, милициянын участкалык инспекторунун (квартал, үй комитетинин же айыл башчысынын) жана арыз ээсинин үч кошунасынын катышуусу менен Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган фактысын аныктаган акт.
  • үй-бүлөлүк мамилелердин бар экендигин тастыктоочу документ (нике тууралуу күбөлүк, туулгандыгы тууралуу күбөлүк).

Ал эми  16 жашка чейинки жетим балдар үчүн, балдар үйүнүн жетекчилиги өтүнүч менен кайрылат. 

Кошумча суроолор боюнча 119 номери аркылуу тактап алыңыз, чалуу акысыз.

 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт