Кызыл, сары, жашыл, кара... Заңдын өңү эмнени билдирет
Салам достор! Теманы окуп алып, дароо эле оюңузга аты жаман оорулар келбесин. Заңдын өңү эки нерседен көз каранды: жеген тамактан болушу мүмкүн же ден соолукка байланыштуу көйгөйлөрдү көрсөтүшү мүмкүн. Ал эми кандай түс норма жана качан дарыгерге кайрылуу керек экенин азыр айтып беребиз.
Ачык түс
Бул деген, мурунку күнү картошка же күрүч көп жегениңизди билдирет. Ошондой эле ичтин өтүүсүн токтотуу үчүн дары ичкен болсоңуз, заңдын өңү ачык түстүү болуп калышы ыктымал.
Башка жагынан алганда, өт жакшы иштебей, анын натыйжасында төмөнкү оорулардын пайда болуп жатканынан кабар берет, мисалы:
- холецистит;
- панкреатит;
- гепатит;
- өттөгү же өт жолдорундагы таштар;
- рактын же боордун циррозунун өнүгүшү.
Кызыл түс
Бир күн мурун кызылча, помидор, дарбыз жана башка ушул сыяктуу тамак жеген болсоңуз, анда заңдын өңү боелуп калат.
Башка учурларда, төмөнкүлөрдү билдириши мүмкүн:
- калий таблеткаларын же башка дарыларды ичүүдөн улам пайда болгон кан агуу;
- геморрой жана анус көңдөйүндөгү жаракалар;
- ичегинин сезгенүүсү;
- жоон ичегинин ишинин бузулушу
- жоон ичеги рагы;
- ичеги инфекциялары.
Сары түс
Заңдын сары, ачык сары түсү мындай оорулардан кабар бериши мүмкүн:
- уйку безиндеги көйгөй;
- жоон ичегидеги тамак-аштын сапатсыз сиңирилиши.
Жашыл түс
Заңдын түсү жашыл болуп баштаса:
- ичеги -карын оорулары;
- дисбактериоз;
- антибиотиктердин айрым топторун кабыл алуу;
- дизентерия;
- ашказан жаралары:
- ашказан -ичеги жолдорунун залалдуу шишиктери.
Кара түс
Мурунку күнү активдештирилген көмүр, курамында темир бар дарыларды ичкен болсоңуз, анда коркунуч жок. Бирок, бул оорулардан дагы кабар бериши мүмкүн:
- спирт ичимдиктерин көп колдонуу;
- кээ бир дарыларды колдонуу;
- гастрит;
- он эки эли ичегинин жана ашказандын жарасы;
- жоон ичеги рагы.
Мурда чоңго нормалдуу эле барсаңыз, күтүлбөгөн жерден эле ичиңиз катып же өтсө, анда тезинен гастроэнтерологго кайрылыңыз. Мындай өзгөрүүлөр өтө олуттуу оорулардын, анын ичинде ичеги рагынын симптомдору болушу мүмкүн.