Кредит төлөй албай калдым. Эки айга узартсам болобу?
2022.04.01, 11:39
2937
Саламатсызбы! Кредиттин төлөмүн убагында төлөө мүмкүнчүлүгү болбой калган учурда бир эки айга мөөнөтүн узартса болобу?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
01.04.2022, 11:40
Азамат Солпуев
“Айыл Банк” АККнын насыяларды кайтаруу бөлүмүнүн башчысы
Кардар алган насыясын төлөй албай калганда, банк менен ачык болуп кызматташууга барса, банк колунан келген жардамын көрсөтөт. Ар бир банкта бул сыяктуу маселени чечүүчү бөлүмдөр бар. Алар иштин чоо-жайын иликтеп чыгып, кардарга бир канча сунуштарды айтышат. Бардык маселени сотко жеткирбей, сүйлөшүү тартибинде чечкенге аракет кылат: төлөмдөрдүн графигин карап чыгып, белгилүү бир убакытка чейин акы төлөөнү узартып, кредиттик каникул берет.
0
Пайдалуу жооп