// //

Организмде суунун жетишсиздигинен бул оорулар пайда болушу мүмкүн

2022.03.30, 13:57
7459

Салам достор! Сиз бир күндө канча суу ичесиз?

Bilesinbi.kg ferre.ru сайтынан сууну аз ичкен адамдын организиминде кандай өзгөрүүлөр болоору тууралуу маалыматты кыргызчага которду. 

Биохимия жана карылыкка каршы медицина боюнча адис, доктор Айшегүл Чорухлу суунун жетишсиздигинен адам ар кандай ооруларга кабыларын баса белгилейт. Эске салсак, адамдын денеси 70 пайыз суудан турат. Бул көптөгөн органдардын ден соолугун жана туура иштешин сактоо үчүн маанилүү болуп саналат.

Эгерде организм сууну керектүү өлчөмдө албаса, анда вазопрессин жана ангиотензин гормондору өндүрүлө баштайт. Алар денеде сууну сактап калууга аракеттенишет, башкача айтканда, заара менен натрийдин (заара менен бирге бөлүнүп чыгат) көлөмү азайып, тердөө азайып, кан тамырлар тарыйт. Натыйжада адамдын кан басымы да көтөрүлөт.

Мындан улам адамдын заарасы кочкул түскө айланат. Шилекей да азаят, ооздо кургактык пайда болуп жагымсыз жыт пайда болот. Тери кургап, адам өзү да көбүрөөк чарчайт. Мындан тышкары, вазопрессиндин деңгээли жогорулаганда, стресс гормону кортизолдун деңгээли да жогорулайт. Мунун баары жүрөк-кан тамыр ооруларына, бөйрөк ооруларына, диабетке, ашыкча салмакка алып келет. Организм инфекцияларга жана эрте картаюуга көбүрөөк кабылат.

Бул маалыматты дарыгердин рецепти менен теңештирүүгө болбойт. Чечим кабыл алуудан мурун адис менен кеңешиңиз.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт