// //

Фермер Николай Өмүрбаев: Төрт уйдун сүтүнөн жумасына 17-18 миң сом акча түшөт

2022.03.28, 10:23
4502

Николай Өмүрбаев 30 жылдан бери айыл чарба тармагында эмгектенет. Талаада кант кызылчасын, беде, дан эгиндерин өстүрөт. Андан тышкары мал чарбасы менен дагы алектенет. Малды өзү жана үй-бүлөсү карайт.

Айыл чарба продукциясынан түшкөн каражаттардын эсебинен агробизнеси өнүгө баштады. Чарбада жылдан-жылга малдын саны, айыл чарба техникасы жана айдоо аянттары көбөйүүдө.

Николай Өмүрбаев: "Уйдун тилинде дегендей, канчалык жакшы жем жесе, ошончолук жакшы сүт, эт берет. Мисалы, ушул төрт уйдун сүтүнөн жумасына 17-18 миң сом акча түшөт. Ал кошунага берип, өзүбүз ичкенден башка сүт. Ошон үчүн жакшы жем алып келип беребиз." 

Талааларды  иштетүү үчүн дыйканда айыл чарба техникалары бар: тракторлор жана чиркегичтер. Алар менен өз жерин айдап бүткөндөн кийин калкты дагы тейлеп кызмат кылат. 

Түшүмдүн көбү жергиликтүү базарга, ошондой эле жеке адамдарга сатылат, калган бөлүгү малга тоют үчүн калат.

Азыр Николай жазгы талаа иштерине, тактап айтканда, үрөн, жер семирткич, химикаттар ж.б. сатып алуу үчүн "Айыл Банктан" кредит алды.

"Айыл Банк менен кызматташуу абдан оңой. Документтер менен чуркатпайт. Бүгүн кел, же эртең кел дешпейт. Баары бат болот. Илгери башка банктарга кайрылганда бир айлап жүрчүк. Азыр эң көп болсо бир жума. Абдан ыңгайлуу банк."

Фермер келечекте дагы банк менен кызматташууну максат коюп келет. Анткени, алдыда дагы ишке ашыра турчу пландары көп. 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт