Ичимде аскарида курту бар экен. Ошол курт семиртип же шишитиши мүмкүнбү?
Саламатсызбы. Ичимде аскарида курту бар деп анализ чыгарып беришти. Ошол курт семиртип же шишитиши мүмкүнбү? Анын кандай зыян жактары бар. Бара-бара өзү жок болуп кетиши мүмкүнбү? Канча убакыт жашайт организмде?
Сагыныч Койбагарова
терапевт
Саламатчылык. Аскарида организмде 7-15 жылга чейин жашашы мүмкүн. Ооба, айрым учурларда семиртиши мүмкүн, анткени адамдын тамака болгон табити кескин көтөрүлүп, же тескерисинче жоголуп кетет.
Зыянын айта турган болсок: аскарида адамдын организминде аллергиялык реакцияларды пайда кылат. Андан тышкары ал сиз жеген тамактардын бардыгы менен азыктанат. Демек сиз ичип-жеген пайдалуу заттар витаминдер алардын өсүп-өнүгүүсүнө жумшалат. Ич өтөт, же катыйт. Алар бөлүп чыккан уулу заттар адамдын терисинин абалына терс таасирин тийгизет.
Ошондуктан ичтеги курттардан мүмкүн болушунча тезирээк кутулуууга аракет кылуу зарыл. Ал өзүнөн-өзү эч убакта жок болбойт.
Аскарида куртун өз алдынча үйдөн дарылоо мүмкүн эмес. Анткени анигистаминдик препараттар адамдын жаш курагын, салмагын, ден соолугунун жалпы абалын эске алуу менен жазылат.
Ден соолукта болуңуз!