Сепкилдерим көп
2018.02.05, 12:05
901
Мен 20 жаштамын. Бетимде сепкилдерим көп. Кантип арылсам болот?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
05.02.2018, 12:07
Айзада Исламалиева
Косметолог
Сепкил-укумдан-тукумга берилген генетикалык түзүлүш болгондуктан, андан толугу менен арылууга бир дагы косметолог кепилдик бере албайт. Өтө билинбей турган кылып коюуга пилинг, агартуучу мезотерапия жана лазер жардамга келет. Үй шартында агартуучу бет майларды, тониктерди, курамында жемиш кислоталары бар жуунучу гелдерди жана витамин С ны колдонсоңуз болот. Сепкилдердин саны жазында жана жайында күн нурунун таасиринен улам бат көбөйөт. Бул нерсени алдын алуу үчүн, жыл бою сырттагы аба ырайына карабастан SPF факторлуу күндөн коргоочу бет майларды колдонуу керек.
0
Пайдалуу жооп