// //

Күйөөм кызымдын күбөлүгүндө "атасы" деп жазылган эмес. Алимент өндүрө аламбы?

2022.03.23, 16:21
4562

Саламатсыбы! Күйөөм экөөбүз ажыраштык, ЗАГС жок. Бир балабыз бар. Кызымдын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн өз атымда. Атасы деген жери бош калган. Кантип алиментке тапшыра алам? Кандай документер керек? Ал алимент төлөйбү?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
23.03.2022, 16:21

Нурислам Раимжанов

"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи

Алимент өндүрүүдө кызыңыздын атасы анын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүндө көрсөтүлгөн эмес болсо, өзүңүз жашаган аймактагы сотко доо арыз менен кайрылыңыз. Доо арызда аталыгын аныктоо жана алимент өндүрүү боюнча деп көрсөтүп, качан башконсуңар, канча ай жашадыңар жана ортодогу никеден бир перзенттүү болгонуңарды жазасыз. Кызыңыз ал кишиден экендиги боюнча кошуналарыңыздын же тааныштарыңыздын түшүндүрмөлөрүн тиркеп койсоңуз болот, бир үч адамдыкы жетиштүү. Ал адам менен  түшкөн чогуу сүрөттөр дагы далил катары өтөт.

Сотко 1000 сомдун тегерегиндеги мамлекеттик алым төлөнөт, андан сырткары баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү, паспортуңуз, күбөлөрдүн түшүндүрмөлөрү жана паспортторунун көчүрмөлөрү тиркелет. Арызды кантип жазууну билбейм десеңиз, жашаган аймагыңыздагы Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу кепилденген мамлекеттик юридикалык жардамга кайрылсаңыз, алар акысыз адвокат жалдап берет.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт