// //

Мен бирөөлөр эмне десе, ошону кыла берем. Кантип "жертва" болбой койсом болот?

2022.03.22, 10:34
2205

Саламатсызбы! Мен ар дайым "жертва" боло берем. Ар кимдин айтканын дароо жасайм. Өзүмдүн эмне каалап жатканымды билбейм. Эмне кылсам болот? Тажап кеттим, мындай жашоодон. 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
22.03.2022, 10:39

Асель Суюнбаева

Психолог

Саламатсызбы! Ар дайым позиция "жертвада" жашабаш үчүн, адам өзүн жакшы билиши керек: эмнени сезип, эмнени каалап жана эмнени туюп жатканын. Бизде көп адамдар эмнени каалап жатканын билишпейт. Ошондуктан, бирөөлөрдүн айтканын ээрчийбиз. Экинчиден эч кчан бирөөнүн айтканын ойлонбой туруп кыла берген болбойт. Анткени, сен анын айткандарын ойлонбостон дароо жасап кетсең, ал адам сени курмандыкка айланыдырып, курмандыкка чалышы мүмкүн. Анткени сен өзүңдү ойлобой, башканы ойлоп ошону аткарып кете бердиң. Алгач баарын анализдеп, ой жүгүртүп, чындап эле сиз каалап жатасызбы, тактаңыз. Эгерде мунун баары жардам бербесе, психологго кайрылыш керек. Алар түп-тамырынан бери изилдеп, сиз менен сүйлөшүп, себептерин аныктап туруп, жардам берет.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт