// //

Жыныстык көйгөй

2018.02.05, 12:02
1386

 

Мен коркуп жүрөм. Бир аз уят нерсе көрсөм эле уругум тамчылап чыгып кетет. Өзүм гусул алып таза жүргөндү жакшы көрөм. 2-3 күн сайын даарат ала берем. Сексуалдык ойлорду көп ойлонбой бир аз эле элестетип койсом, чыгып кетет. Бул эмне себептен?

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
05.02.2018, 12:08

Роман Дадажанов

 Уролог-андролог

 

Бул сперматозоид эмес. Дүүлүккөндө парауретралдык бездерден былжыр түрүндөгү секрет бөлүнүп чыгат. Бул жыныстык катнашка бараар алдында заара чыгаруучу каналдын жана жыныстык мүчөнүн башынын майлануусу же “смазка”. Ден соолук үчүн эч кандай коркунучу жок. Мындай бөлүнүп чыгуунун негизги себеби дүүлүгүү. Болгону кээ бир адамдарда көп, кээ бирөөндө аз чыгат. Бизге келип бир текшерүүдөн өтүп коюңуз. Эгерде былжыр суюктук жагымсыз жыттанып, ириң сыяктуу болсо, сөзсүз анализ тапшырышыңыз керек. Болбосо ден соолук үчүн эч кандай коркунучу жок.

 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт