// //

Монеталарың толуп кетсе эмне кылуу керек? 5 пайдалуу ыкма

2022.03.18, 11:56
2387

Сумкаңызды ачсаңыз тыйын жүрөт, чөнтөгүңүзгө колуңузду салсаңыз тыйын жүрөт, капчыгыңыздын түбүндө тыйын, айтор, тыйындарыңыз толуп кеттиби. Аларды эмне кылса болору тууралуу айтып беребиз. 

Бир нерсе сатып алыңыз

Магазиндер төлөм үчүн каалаган номиналдагы акчаны кабыл алууга милдеттүү. Андыктан, нан аласызбы же кийим сатып аласызбы, монеталар менен төлөөгө толук укугуңуз бар. Дароо бардык тыйындарды алып барбай, бөлүп-бөлүп алып барсаңыз абдан жакшы болот, мисалы, 100 же 50 сомдегендей. Дагы бир вариант тыйындардан акырындык менен арылуу, майда сатып алуулар үчүн төлөө, мисалы, коомдук транспортто колдонуңуз.

Банктан алмаштырып алыңыз

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик-укуктук актыларына ылайык, коммерциялык банктар монеталарды ири номиналдагы банкноталарга алмаштырып берүүгө милдеттүү. Жакшысы алдын ала банкка кайсы күнү барсаңыз болот чалып сурап алыңыз. Монеталарды банкка барардан мурун  санап, сорттоп койгонду унутпаңыз.

Эсепке же депозитке салыңыз

Эгер тыйындарыңызды короткуңуз келбесе, банкыңызга барып, бул акчаны эсебиңизге салып коюшун сураныңыз. Банктар каалаган номиналдагы монеталарды эсепке же депозитке комиссиясыз кабыл алууга милдеттүү.

Телефонуңуздун балансын толуктаңыз

Банк кеңсесине баргыңыз келбесе телефонуңузга акча салсаңыз болот. Уюлдук төлөм терминалдары көбүнчө монеталарды кабыл алышат. Бул жерде комиссия банкка караганда көбүрөөк болот. Мындай терминалдар дээрлик ар бир супермаркетте бар.

Муктаж болгондорго бериңиз

Бул керексиз нерселерден кутулуунун эң оңой жолу. Бардык диний мекемелерде, көптөгөн дүкөндөрдө кайрымдуулук иш-чараларына каражат чогултуу үчүн кутулар бар. Сиз ошондой эле көчөдө кайыр сурап отургандарга бере аласыз. 

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт