Төрөттөн кийин жыныс кынын кантип кичирейтсе болот?
Саламатсызбы! Төрөттөн кийин жыныс кынын кантип кичирейтсе болот? Кеңеш бериңизчи.
Элнура Таштемирова
Акушер-гинеколог
Саламатсызбы! Ооба, төрөттөн кийин айымдардын кыны чоңоюп кетет. Анткени, баланы чыгарып берүү үчүн өтө чоюлат. Бирок, ал убакыттын өтүшү менен акырындап калыбына келет. Кичирейтип, өз калыбына алып келүү үчүн бир нече ыкмаларды жасоо керек. Төрөттөн кийин сөзсүз түрдө гинекологдун текшерүүсүнө барып туруу. Анткени, инфекциялар, сезгенүүлөр болушу мүмкүн. Муну текшерүүдөн өтүү менен алдын алалбыз. Ошол эле учурда атайын көнүгүүлөрдү жасап туруу жакшы жыйынтык берет. Көнүгүү жасоо менен жыныс кынынан жел чыгууну, заара кармай албоону алдын алаласыз.
Гинеколог менен инстаграмдагы @tashtemirova_elnura баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.