Үйлөнөйүн деп жатам, бирок аялдар тууралуу билбейм. Алгачкы жолу кантип кошулам?
Саламатсызбы! Мен үйлөнөйүн деп жаткам, сөзсүз билишим керек болгон нерселер эмнелер айта кетесизби сураныч. Аялдар тууралуу эч кандай маалыматым жок. Мисалы, аялдардын заара кылуучу жери башка бала төрөөчү жер башка болобу? Тагыраагы алгачкы жолу кошулганда эмне кылуум керек?
Роман Дадажанов
Уролог-андролог, жогорку даражадагы врач, саламаттыкты сактоонун отличниги
Саламатсызбы! Сиздикине окшош суроолорду көп жаштар берет, айталы ошол эле тажрыйбасы жоктор. Бул абдан жакшы суроо. Мындай суроо берип, изилдеп жатканыңыз туура. Ооба, аялдардын заара кылуучу жана бала төрөй турган каналдары башка. Алгачкы жолу кошулганда көп ойлонуунун кереги жок. Бул нерсе өзү эле боло турган нерсе. Сиз жакшысы урологго барыңыз, баарын түшүндүрүп берет. Шаарда болсоңуз, бизге кайрылыңыз.
Ден соолукта болуңуз!
Уролог Роман Дадажановду инстаграмдагы @andrologkg баракчасы аркылуу тапсаңыз болот.