// //

Миллион сом чогулткусу келгендер үчүн пайдалуу кеңештер

2022.03.15, 10:48
3936

Адам канчалык көп акча тапса, ошончолук көп коротот. Айталы, мурда алты миң айлыкты баарына жетикирип жашайт элеңиз, эми жыйырма миң сомуңуз кантип жок болгонун билбей каласыз, туурабы? Анан кантип миллион сом чогултмак элем деп кол шилтебеңиз, дароо шарт бурулуп кетпеңиз, баарына жетсе болот. Сизден сабырдуулук, убакыт жана күчтүү эрке кана талап кылынат. 

Максат коюңуз

Алгач максат коюңуз. Ансыз болбойт. Андан кийин, ал максатка жетүү үчүн  канча акча топтоо керек экенин жана ага канча убакыт коротууга даяр экениңизди эсептеңиз. Ошондон кийин ай сайын канча үнөмдөө керек экени белгилүү болот. Сиздин бюджет бул көрсөткүчкө туруштук бере алабы же жокпу, эсептеңиз. 

Ай сайын бөлүнчү сумманы аныктаңыз

Чоң суммадагы акчаны тез убакыт ичинде топтой албай турганыңызды унутпаңыз. Муну диета менен салыштырууга болот. Мисалы, суу эле иче берсеңиз, анда 10 күндүн ичинде арыктайсыз, бирок ден соолугуңуздан ажырайсыз. Акча менен да ушундай: эгер бардык нерседен өзүңүздү чектеп, дээрлик бардык акчаңызды үнөмдөөнү чечсеңиз, бул дисбаланска алып келет. Андыктан, акча топтойм десеңиз, ай сайын чегерүүлөрдүн суммасы (сизде кредит жок болсо) айлык кирешеңиздин 20-30% ашпоого тийиш. 

Артка тарткан адаттардан арылыңыз

Эң оор аракет. Акчаңыз кайдан келип жатканын жана аны эмнеге жумшап жатканыңызды тактап, сарптооңузду жана кирешеңизди кылдат талдап, анан бюджетиңизди оптималдаштырып, адаттарыңызды өзгөртүшүңүз керек. Бул абдан кыйын этап, бирок жакшы жыйынтык берет.

Сактай турган жолду тандаңыз

Акчаны конвертке же төшөктүн астына сактаган болбойт. Мындайча айтканда, сиз оңою менен алалбай турган жер болушу керек. Болбосо, азгырыла бересиз. Балким депозитке саласыз, балким баалуу кагаздарды сатып аласыз дегендей. Иши кылып колуңуз жетпеген жерде, рисктер болбой тургандай кылып топтоңуз. 

Баштаңыз!

“Миллионду” топтоонун эң кыйыны – бул ишти баштоо. Демек, кичинеден тболсо дагы баштаңыз. Биринчи миллион топтоп алсаңыз, бул коркунучтуу жана мүмкүн эместей көрүнбөй калат. Эч качан өзүңүздү жана өнүгүүңүздү унутпаңыз. Кээде өзүңүзгө жана билимиңизге инвестиция салуу, палнаг батыраак жетүүгө мүмкүндүк берет. 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт