Эс тутумум начар
Менин эс тутумум начар, доктурга көрүнөйүн деп чечтим. Эми кайсыл жакка, кандай доктурга көрүнөм?
Низар Кеңешбеков
Сен невролог же психиатрга барып көрүнөсүң. Көп элдер психиатрга баргандан уялышат, сен антпей көрүн, ден-соолук биринчи байлык дейт! Текшерилгенче үйдөн сабиздин, кызылчанын согун ич. Бир күндө 2 сааттан китеп оку, китептин баардык түрүн окусаң болот. Сөзсүз түрдө таза абада сейилдөө, аз дегенде жарым саат да жетиштүү болуп эсептелинет. Жөө көп бас, чет тилдерин үйрөн жана көңүлдүү жүр. Адамдын эс тутумун сүйүнүү гормондору башкарат. Далилдөөлөр боюнча бактылуу, жылмайып жүргөн адамдар маалыматтарды жакшы эстеп калышат жана көп чарчашпайт. Андыктан көңүлдүү жүрүүгө аракет кыл. Анан албетте атайын адистерге эртерээк текшерилүү керек.