Ичти карап уул же кыз деп айтса болот деген чынбы?
2022.03.09, 11:14
3770
Саламатсызбы! Менин беш айлык боюмда бар. Баары эле "уулду" болот окшойсуң деп жатышат. Бирок мен ага ишенбейм. Бул чынбы? Апам ошентип эле билсе болот деди.
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
09.03.2022, 11:15
Жамиля Сагинова
Гинеколог-эндокринолог
Мында деле 50-50% деп айтса болот. Бул да биздин апаларыбыз, чоң апаларыбыздын байкоолоруна негизделген. Ичи чучтуюп турса уул болот, жайылып турса кыз болот, деп коюшат. Кээде дал келишип калат. Бирок, мисалы эгер аял кишинин жамбаш сөөгү кууш болсо, кыз менен кош бойлуубу, уул менен кош бойлуубу, айырмасы жок, баары бир ичи учтуу, конус сыяктуу болот. Ошондуктан бул деле кээде туура чыкса, кээде жаңылыш болуп калат.
0
Пайдалуу жооп