Телефон караганда башы ооруган адамдар үчүн пайдалуу маалымат
Адамдын башынын салмагы болжол менен 4-5 кг. Телефон карап отурганда мойнубузду ийип, башыбызды 60 градуска төмөндөтүп карайбыз. Ылдый карап отурган учурда, жүлүнгө күч келет, башкача айтканда салмагы 27 кгга жеткен жүктү көтөрүп тургандай болот.
Смартфондор биздин, өзгөчө балдарыбыздын көзүн бузат, деп окумуштуулар айта берип тилдери тешилди. Андан тышкары телефондор адамдардын жандуу сүйлөшүүсүнө да тоскоолдук кылат. Азыркы муунду “башы төмөн караган муун” деп да атап алышкан.
Ойлонуп көрсөңөр, биз телефонду кандай абалда карайбыз? Башты төмөн салаңдатып, бүкүрөйүп алып бир нече саат кенедей экранды тиктеп отура беребиз. Мындайда жалаң эле физиологиялык ден соолугубуз эле эмес, психикалык абалыбыз да кыйла жабыркайт экен.
Мисалы, адам бактылуу, маанайы жакшы болуп турганда, өзүнөн өзү эле башын өйдө көтөрүп, белин түздөп басат экен. Ал эми депрессияга туш болгон же маанайы пас болуп турган киши бүкүрөйүп, башын жерге салып басат. Биз ар дайым ушундай позада отургандыктан, мээ автоматтык түрдө бизди депрессия болуп жатат деп чечип, тиешелүү гормондорду бөлө баштайт.
Жаңы Зеландиялык психотерапевт Стив Огусттун айтымында, анын бейтаптарынын көбү көрүүсүнүн начарлашына жана моюнунун талып оорушуна арызданышат. Телефон карап отурганда башыбызды 60 градус төмөн түшүрүп алганыбыз баштын салмагы беш эсеге жогорулатат. Моюн менен жүлүнгө канчалык күч келип жатканын элестетип жатасыңарбы?
Стив Огуст телефон карап жатканда төмөнкү нерселерди эске алууну сунуштайт:
- Ийиндериңерди түздөп, башты түз кармагыла.
- Телефон кароого аргасыз болсоңуз, аны өйдөрөөк кармап, мүмкүн болушунча башты салаңдатпаганга аракет кылгыла.
- Күнүнө бир нече жолу ийиндерге жана моюнга арналган көнүгүүлөрдү жасап туруңуз.
- Эсиңизде болсун, башты жогору кармап жүргөнүңүз сиздин маанайыңызга, жалпы психологиялык абалыңызга таасир этип, өзүңүзгө болгон ишенимди жогорулатат.
Маалымат wordpress.com сайтынан алынды.