Эркектин 94%ы жыныс мүчөсүнүн өлчөмүн апыртат. Мырзалар жөнүндө кызыктуу 5 факт
Эркектер ушак айтканды жакшы көрүшөт, мезгил-мезгили менен калп айтып, аялдарга караганда аз жашайт. Сиздер үчүн эркектер жөнүндө кызыктуу фактыларды чогулттук. Ал эми кийинкиде айымдар тууралуу айтып беребиз.
Аялдарга караганда эркектер көп калп айтышат
Эркектер орто эсеп менен күнүнө 6 жолу кесиптештерине, жетекчилерине жана өнөктөштөрүнө калп айтышат. Аялдар өз кезегинде муну күнүнө үч гана жолу жасашат. Айтмакчы, эркектердин 94% жыныстык мүчөсүнүн өлчөмүн апыртып жиберишет.
Орточо эсеп менен эркек өмүрүнүн бир жылын аялдарга суктануу менен өткөрөт
Эркектер күнүнө 43 мүнөттү 10 түрдүү аялга суктануу менен өткөрүшөт! Жылына 259 саат топтолот, а бул жалпысынан жылына дээрлик 11 күн. Ал эми аялдар эркектерди күнүнө 20 мүнөт гана карашат, бул акырында 6 айды гана түзөт .
Аялдардын жанында болгондо эркектер эки эсе көп тамактанышат
Эркек эркектер менен тамактанганга караганда, аял менен 93% көп пицца жана 86% көп салат жейт.
Эркектер да оргазмды имитация кылышат
Кызык көрүнсө да, муну аялдар эле жасашпайт. "The Journal Of Sex Research" журналында жарыяланган изилдөөгө ылайык, эркектердин болжол менен 25% жасалма оргазм жасашат.
Эркектер арасында романтиктер сиз ойлогондон да көп
Көпчүлүк эркектер 25-30 жашта үйлөнгөндү жакшы деп эсептешет, бирок 50%дан ашыгы эрте үйлөнүшөт. Үйлөнө элек жигиттердин 66%дан ашыгы өзүнүн жалгызын тапкысы келет. Ал эми мурунку өнөктөштөрдүн санын эркектер, адатта, көбүртүп айтып коюшат. Көпчүлүк эркектер олуттуу мамилеге чейин 4-6 аял менен гана мамиле курат (досторуна айткандай 50-100 эмес).