// //

Жолдошум азарт оюндарына берилип кеткен. Кантип аны куткарам?

2022.03.07, 13:39
1694

Саламатсызбы! Кайрылуумдун себеби жолдошум азарт оюндарына берилип кеткен. Бул адатын калтыруу үчүн кандай чара колдонсок болот? Же эч нерсе жардам бере албайбы? Аябай өзүмдү бактысыз сезип, кээ бир учурларда жашагым да келбей кетет. Бойдок кезде ачык шайыр кыз элем, азыр анын бири жок. Канткенде ушул адатынан кутултам? Сизден кеңеш күтөм.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
07.03.2022, 13:44

Айдана Мадишова 

Психолог 

Саламатсызбы! Алгач сизди түйшөлткөн суроого жооп берейин. Ооба, жолдошуңуздун жеке аракетисиз ага жардам берүү мүмкүн эмес. Биринчиден жолдошуңуз өз көйгөйүн түшүнүп, анан сизден же профессионал кишиден жардам суроосу керек.

Ал эми сиздин меселеңизге келсек, көпчүлүк учурда ичкен, чеккен, багымдуулугу бар эркектердин аялдары "созависимый" болуп калат. Ошондуктан бул учурда сизге берчү кеңешим өзүңүздү куткарыңыз. Азыр оңолуп кетет, мен жардам бербесем ким жардам берет, менсиз жолдошум жашай албайт деген ойлордон алыс болуңуз. Анын ордуна канткенде өзүмдү бактылуу кыла аламын деп ойлонуңуз. 

Туура чечим кабыл алат деген ойдомун. Бактылуу болуңуз! 

Психолог Айдана Мадишова менен @insight.aidana баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт