// //

Балдарды кургак учуктан сактоо үчүн жасалган БЦЖ эмдөөсү тууралуу 8 факт

2022.03.07, 10:01
5116

Кургак учуктан сактоо үчүн, балдарга начарлаган тирүү бактериялары бар Bacillus Callmete-Guerin (Mycobacterium bovis BCG) тирүү вакцина берилет.

  1. Вакцинанын курамында консерванттар, антибиотиктер же адъюванттар (иммундук реакцияны күчөтүүчү заттар) жок, бирок өндүрүш процессинде колдонулган заттын издери гана (лиофилизация чөйрөсү, желатин жана сахароза).
  2. Жаңы төрөлгөн ымыркай  төрөт үйүнөн чыкканга чейин, адатта, төрөлгөндөн кийин экинчи же үчүнчү күнү, сол колунун терисине ийне менен БЦЖ вакцинасын алат. Ымыркай кандайдыр бир себептерден улам вакцинаны албаган учурда (төрөт үйүндө төрөлбөсө же башка себеп менен), вакцинаны ымыркай эки айлык болгонго чейин, 12 айдан кечиктирбестен алуусу талап кылынат. 
  3. Вакцина берилген жерде, сол жак колунун жогору үчтөн бир бөлүгүндө, 3-4 жумадан кийин, кызаруу жана катып калуу түрүндө жергиликтүү реакция пайда болот, кийинчерээк ал жумшарып, адатта түшүп калат. 2 айдан 5 айга чейин ал айыгып, жетилгенден кийин ак түстө жана көлөмү бир нече миллиметрге жеткен тырык калтырат. Бул процессте жергиликтүү лимфа бездеринин бир аз шишип кеткенин байкасаңыз болот.
  4. Учурдагы БЦЖ вакцинасы негизинен өпкө эмес кургак учуктун оор түрлөрүнө каршы натыйжалуу: мээнин туберкулездук инфекциясы жана оорунун диффуздук түрлөрү, бирок өпкө туберкулезуна каршы жарым-жартылай гана натыйжалуу, айрыкча чоңдордо.
  5. БЦЖ вакцинасы башка вакциналар менен кошо берилиши мүмкүн, бирок башка жерге гана сайылышы керек.
  6. Иммунитети төмөн (иммундук жетишсиздик) болгон балдар, мисалы, ВИЧ-инфекциясы менен төрөлгөн балдар же иммундук системанын башка көйгөйлөрү, бул вакцинаны албашы керек.
  7. Төрөлгөндө вакцинаны албаган жана кургак учук диагнозу коюлган балдар бул вакцинаны алышпайт.
  8. Төрөлгөндө катаал оорулуу балдар вакцинаны айыккандан кийин алышат.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен ЮНИСЕФ  иштеп чыккан бала тарбиялоого жардам берген Bebbo мобилдик тиркемесинен ата-эне көптөгөн маалыматтарды таба алат.

Bebbo тиркемесин Play Market же App Store жүктөп алыңыз.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт