Бул 7 белги жигитиңиз сизди сүйбөйт экенинен кабар берет
Салам достор! Бул жерден кызын сүйбөгөн жигиттин айрым аракеттери тууралуу окуй аласыз. Эгер бирөөсү тааныш болсо, күлгүн түстөгү көз айнегиңизди чечүүгө убакыт келди.
- Жашооңо кызыкпайт
Жигит үчүн жөн гана оюнчук болсоң, максаттарың, кыялдарың тууралуу билүүгө аракет кылбайт, бир да сөзүңдү укпайт.
- Сен үчүн баарына даяр эмес
Мамилеңер үчүн курмандыкка барбайт, маселелерди чечпейт.
- Ар дайым бош эмес
Ар кайсы шылтоолорду айтып, жолугушуудан качат. Сен жазганда гана жазат, өзү эч качан чалбайт.
- Достору менен тааныштырбайт
Сүйлөшүп жүргөнүңөргө көп болсо да, достору, жакындары менен тааныштырбайт.
- Өзү жөнүндө эч нерсе айтпайт
Сен аны жөн гана түнт адам деп ойлошуң мүмкүн. Бирок, жаккысы келген жигит өзү жөнүндө көп айтат.
- Келечегин сени менен байланыштырбайт
“Биз” деп сүйлөбөйт, чогуу пландарды курбайт.
- Мурунку сүйгөнүн көп эстейт
Мурунку сүйлөшкөн кызынын жашоосуна социалдык тармактар аркылуу көз жүгүртүп турат, сүрөттөрүнө лайк басат.