Жакында күйөөгө тийдим. Этек кирим келип жатканда кошулсак болобу?
2022.03.03, 13:16
10102
Саламатсызбы! Менде мындай суроо бар. Биз жакында эле баш коштук. Менде суроо бар, этек кирим келип жатканда кошулсак болобу же жокпу?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
03.03.2022, 13:17
Жамиля Сагинова
Гинеколог-эндокринолог
Саламатсызбы!
Медицина этек кири келген учурда жыныстык катнашка барууну сунуштабайт. Себеби, этек кири келип жаткан мезгилде жатын моюнчасы ачык болот, ал аркылуу бактериялар оңой эле кирип, жатынга терс таасирин тийгизип, инфекциялык ооруларды жугузуп алуу коркунучу жогору болот. Эсиңизде болсо, кан бактериалардын кобөйүүсү үчүн эң эле мыкты чөйрө.
Гинеколог-эндокринолог Жамиля Сагинова менен инстаграмдагы @ginekolog_endokrinolog1 баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.
0
Пайдалуу жооп