Балдарымды таштап Россияга кетсем, мага таарынып калышпайбы?
Саламатсызбы! Менин күйөөм Россияда иштейт. Жанына чакырып жатат. Бирок мен балдарды таштагым келбй эле. Алар али кичинекей. Апам карап берип турам дейт. Бирок, баары бир кыя албай жатам. Күйөөмдү дагы сагындым. Эмне кылсам болот? Балдарым кетип калсам мага таарынып калышпайбы?
Асель Баимбетова
Психолог
Кутмандуу күнүңүз менен!
Жүрөгүңүз сизди алдаган жок. Эне баласын таштап кеткенде, ортолорундагы эмоционалдык байланыш үзүлөт. Анын кесепети баланын келечегенине тиет. Айталы, баланын ичинде апасына болгон таарыныч пайда болот. Ооба, сизде диллема болуп жатат: күйөөңүз менен балдар. Мындай тандоо жасоого мажбур болгонуңузга терең кайгыруу менен көңүл айтам. Балдарды өзүңүз менен алып кетсеңиз идеалдуу болмок. Тилекке каршы, жашоо биз ойлогондой боло бербейт. Сиз азыр туура айтып жана ойлонуп жатасыз. Бул жерде күйөөңүз экөөңөр ачык сүйлөшүп, балдарды таштап ал жакка кетүү канчалык маанилүү экенин чечкиле. Балдарыңар силер жасаган тандоодон жабыркап калбагандай чечим кабыл алгыла. Эмне кылуу керек экенин өзүңүз билесиз. Ийгилик каалайм!
Психолог Асель Баимбетова менен инстаграмдагы @psihologiya_kg баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.