Нормалдуу жыныстык катнаштын убакыты мынча мүнөт болушу керек
Башкалардыкы кандай болду экен, деген суроо оюңузга келди беле? Кызыгы, муну ачык да сурай албайсың.
- Биринчиден, ар ким эле мындай суроого жооп берүүгө даяр эмес.
- Экинчиден, чынын айтып жатканын биле албайсың.
- Үчүнчүдөн, сизди акылынан айнып калган адам катары кабыл алышат.
АКШнин сексопатологдору атайын изилдөө жүргүзүшкөн экен. Илимий изилдөөнүн аталышы: “Нормалдуу жыныстык катнаш канча убакытка созулушу керек?”
Окумуштуулар миңдеген жуптарды сурамжылоого алышкан. Андан тышкары башка көйгөйлөрү менен кайрылган бейтаптар дагы изилдөөгө катышкан.
Көпчүлүк жуптардын жыныстык катнашы 3төн 7 мүнөткө чейин созулат. Тагыраак айтканда 5 мүнөт, 24 секунд. Бул убакыттын ичине, алдын ала кучакташып, эркелешүү да кирет, мындайча айтканда “прелюдия”.
Сексолог Барри Маккартинин айтканына караганда, жыныстык катнашы 12 мүнөткө чейин созулган түгөйлөр бар, бирок өтө аз.
Окумуштуу түгөйлөргө бир нече кеңешин берди:
- Сексти “ичине киргизбеген” ыкма менен узартса болот, башкача айтканда бири-бирин кол менен стимул кылуу.
- Кошулуу учурунда жуптар позаларын өзгөртүп, тыныгуу жасап, жана темпти бирде ылдамдатып, бирде жайлатуусу керек. Мунун бардыгы кумар алуу процессин узартат.
- Жыныстык катнашта башкысы, эки жуп тең ырахат алышы керек. Ошондуктан, жактыбы, жаккан жокпу? - деп сурап туруу ашыктык болбойт. Ал эми секс канча мүнөткө созулат маанилүү эмес.
Баса, порнография тууралуу айта турган болсок, кинодогу секс реалдуу жашоого такыр коошпойт. Кинодон силер, монтаждалган бир нече дубльдерди бир көрөсүңөр. Алардын ортосунда актерлор тыныгуу алып, анан кайра ролдорун ойноого киришет.
Маалымат goodhousekeeping.com сайтынан алынды.