// //

Жумушуңузду жеңилдеткен сыйкырдуу Windows баскычтары 

2022.03.02, 14:23
1630

Салам достор! Бул сыйкырдуу баскычтар менен компьютер колдонуучулары жумушун тездете алат. Эми Сtrl + C жана Ctrl + V дан башкасын дагы билесиз. 

Текст менен иштөө үчүн

  • Alt + Backspace — кокустан өчүрүп алган текстти кайра калыбына келтирүү
  • Shift + F3 — Microsoft Word'те чоң тамгадан кичине тамгага же тескерисинче которулуңуз. Бул комбинация, эгер сиз кокустан текстти Caps Lock баскычы иштетилген болсоңуз, пайдалуу.
  • Ctrl + Z — акыркы кадамды жокко чыгаруу
  • Ctrl + Y — акыркы кадамды кайталоо
  • Ctrl + B — текстти “жирный” кылуу
  • Ctrl + U — белгиленген текстти белгилөө (алды сызылып калат)
  • Ctrl + I — курсив кылуу
  • Ctrl + S —документти сактоо. 

Анан Wordе же башка программалар өзүңүздүн сыйкырдуу баскычтарды кошуп алганга мүмкүнчүлүк берет. 

Программалар жана браузер менен иштөө үчүн

  • Alt + F4 — программа же документ терезесин жабуу
  • Alt + Tab — ачык терезелерден бат которулуу, мисалы, браужерден көчүрүп алган ватсап программасына
  • F2 — файл же папкалардын атын тезирээк алмаштыруу
  • Сtrl + Shift + N — жаңы папка түзүү же хромдон жаңы “вкладка” ачуу
  • Ctrl + T — сиз каалаган браузерден жаңы “вкладка” ачуу
  • Ctrl + Shift + T — акыркы жабылган “вкладканы” калыбына келтирүү. 

Windowsтун атайын мүмкүнчүлүктөрү

  • Win + Shift + S — керектүү фрагментти кесип алуу үчүн  «Ножница» функциясын иштетүү
  • Shift+Alt — тилди которуу.
  • Win + L — экранды тез блокко түшүрүү. 

Эгер сиз колдонуп жүргөн сыйкырдуу баскыстар бул жерге кошулбай калса комментарийге жазыңыз. 

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт