Простатит безге массаж жасагандарга ишенсе болобу?
Саламатсызбы! Досум простатитти массаж менен эле айыктырса болот деди. Простатит безге массаж жасагандар бар экен го, ошого ишенсе болобу? Же бул жөн гана рекламабы?
Болот Рысбаев
Медицина илимдеринин кандидаты, уролог
Саламатсызбы! Простатитти массаж менен дарылоо ыкмасын өнүккөн өлкөлөр көп колдонбойт. Бирок, айрым учурларда, айталы, простатада "застой" болуп калганда массаж жасоого туура келет. Бирок, дарыгердин көрсөтмөсү менен гана, эч качан өз билемдик кылбаш керек. Жалпысынан, 100 пайыз жасаш керек же жасабаш керек деп айтуу мүмкүн эмес, баары простатиттин түрүнөн көз каранды. Простатитти бир гана массаж менен дарылоо мүмкүн эмес экенин эскерте кетейин. Дарыгерге баргыла.
Ден соолукта болуңуз!