Аутизм менен жапа чеккен балдардагы алгачкы белгилер жөнүндө
2022.03.01, 13:31
4766
Аутизм – бул курчап турган чөйрө жана адамдар менен социалдык мамиле түзүүнүн бузулушу менен байланышкан психикалык өнүгүүнүн бузулушу.
Аутизм менен жапа чеккен балдардагы алгачкы белгилер көбүнчө 1 жашка чейинки кичине куракта көрүнөт.
Аутизм менен ооруган балдар окшош эмес, бирок алардын баарында мүнөздүү симптомдор бар:
- социалдашууга жана мамиле түзүүгө жетишүүдөгү кыйынчылыктар: бала көздү карабайт, көз менен байланышуудан качат; өзүнүн атын чакырганда жооп бербейт, ага бир нерсе керек болсо дагы сүйлөшүү үчүн сөздөрдү жана жаңсоолорду колдонбойт, мимикасы жок, жооп катары жылмайбайт, бала курчап турган дүйнө менен байланышуудан баш тартат же буга кызыгуусун билдирбейт, башка адамдар менен мамиле түзө албайт;
- стереотиптүү аракеттердин, чектелген кызыкчылыктардын болушу: мисалы, бала таяктарды гана чогултат, унаалардын дөңгөлөктөрүн айландырат. Ошол эле учурда анын көңүлүн башкага бурдуруу кыйын.
- кайталануучу жүрүм-турумдун болушу: бала бир эле аракетти көп жолу кайталайт, мисалы: тартмаларды ачат жана жабат, жарыкты күйгүзөт жана өчүрөт, мисалы: баш чайкоо, эки жака термелүү, манжаларын тарткылоо;
- сенсордук кыйынчылыктардын болушу - мисалы, бала үнгө же жарыкка өтө сезгич болушу ыктымал, ар кандай жыттарга жана даамдарга сезимтал келиши, ата-энелери менен тактилдик байланыштан баш тартышы мүмкүн.
Төмөндөгүдөй кошумча кыйынчылыктар көп келип чыгат:
- тамактануудагы кыйынчылыктар
- уктап кетүүдөгү кыйынчылыктар
- кооптуу бузулуулар
- эпилепсия
- көңүл буруудагы көйгөйлөр
- кыймыл аракетти координациялоо көйгөйү
- өзүн-өзү кыйратуучу жүрүм-турум (өзүнө карата агрессия)
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен ЮНИСЕФ иштеп чыккан бала тарбиялоого жардам берген Bebbo мобилдик тиркемесинен ата-эне көптөгөн маалыматтарды таба алат.
Bebbo тиркемесин Play Market же App Store жүктөп алыңыз.
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.