"Женский" жагым кычышып жатат, ичи эмес сырты. Эмне кылсам болот?
Саламатсызбы! Менин боюмда бар. "Женский" жагым кычышып жатат, ичи эмес сырты. Эмне кылсам болот?
Жамиля Сагинова
Гинеколог-эндокринолог
Саламатсызбы! Жыныс кынынын сыртынын кычышуусунун себептери ар кандай болушу мүмкүн. Кээде "выделение" сырткы жыныс органдарынын сезгич былжыр челинин дүүлүктүрөт, ошондон улам кычышат. Дагы бир себеби аллергиялык реакциялар: интимдик гельдерге, самындарга, прокладкаларга, күнүмдүк буюмдарга ж.б. Ошондой эле "крауроз вульвы" сыяктуу оорулар дагы кычыштырат. Дарылоо себебине жараша ар кандай болот. Андыктан, себебин аныктоо үчүн дарыгерге кайрылууну сунуштайм.
Ден соолукта болуңуз!
Гинеколог-эндокринолог Жамиля Сагинова менен инстаграмдагы @doktor.saginova баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот