// //

Кызым катуу күлгөндө заарасы чыгып кетет. Бул нормалдуубу?

2022.02.25, 10:39
1309

Саламатсызбы! Кызым күлүп жатканда заарасын кармай албай калат. Бул нормалдуу элеби?

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
25.02.2022, 10:41

Болот Рысбаев

Медицина илимдеринин кандидаты, уролог 

Саламатсызбы! Кызыңыздын жашын жазбапсыз. Жалпылап айта кетсем, кыз же эркекке карабастан, катуу күлгөндө, чүчкүргөндө же жөтөлгөндө заара чыгып кетиши мүмкүн. Бул курсак жана табарсык булчуңдары жетиле электигинен же алсыз болгонунан кабар берет. Аларды машыктыруу керек. Алгач урологго барып текшертип коюңуз. Дарыгер көйгөй жок десе, анда баары нормада.  

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт