// //

Этек кирди келтирбей кармап турса болобу?

2022.02.22, 11:38
5376

Саламатсызбы! Менде мындай суроо, этек кирди келтирбей турса болобу? Айызым отпускама туура келип калат экен. Келтирбей кармап турайын деген элем.  

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
22.02.2022, 11:41

Светлана Коздрович

Гинеколог-эндокринолог

Ооба, сиз айызыңызды кечиктире аласыз, бирок ал талап кылынган циклде эмес, бир ай мурун болушу керек. Бул нерсе оралдык контрацептивдерди колдонуунун эсебинен мүмкүн. Бир упаковканы (ичинде 21 таблетка болот) ичип түгөткөндөн кийин, этек кир үчүн тыныгуу албай, дароо жаңысын ичип баштаса, этек кир кечигет. Бирок бул таблетканы гинеколог гана жазып берет. 

Ден соолукта болуңуз!

Гинеколог-эндокринолог Светлана Коздровичти  инстаграмдагы  @arzclinic баракчасы аркылуу тапсаңыз болот.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт