Балам күндүз уктап, түнкүсүн ыйлайт. Кантип уйкусун алмаштырабыз?
Саламатсызбы! Менин балам 13 күндүк. Күндүзү кечке уктайт. Түнү менен уктабай ыйлап чыгат. Уйкусу алмашып калганбы? Кантип уйкусун алмаштырабыз?
Гулия Ахматова
Педиатр
Саламатсызбы! Он үч күндүк баланын бир жеринде көйгөй болуп жатканы үчүн ыйлайт деп эсептейм. Баары жайында болсо он үч күндүк бала эмчек эмип эле уктай бериши керек. Ичегисинде көйгөй болсо бала, көбүнчө кечкисин уктай албай ыйлайт.
2-3 айга чейинки баланын ичегисиндеги микрофлора калыптана электе сүт жакшы сиңбей, ачып, жел толуп, колики пайда болот. Бул баланын түн уйкусун бузат.
Так жообун билүү үчүн педиатрга алып барыңыз. Анткени ичин кармап, богун, анын өңүн көрүп, богунда былжыр барбы жокпу билиш керек. Ошол үчүн сөзсүз адиске кайрылыңыз.
Педиатр Гулия Ахматова менен байланышуу үчүн @azia_med_karakol инстаграм баракчасына кириңиз.