Ажырашкандан бери жыныстык катнашка барбаганымдан этек кирим токтодубу?
2022.02.21, 11:45
22892
Саламатсызбы! Ажырашкандан бери жыныстык катнашка бара элекмин. Этек кирим азайып отуруп, эки айдан бери жок. Жыныстык катнашка барбаганым үчүн токтоп калдыбы?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
21.02.2022, 11:48
Жазгүл Матраимова
Акушер-гинеколог
Саламатсызбы! Этек кир менен жыныстык катнаштын эч кандай байланышы жок. Көпчүлүк айымдар, мисалы, ажырашкандар же күйөөсү каза болгондор, "жыныстык катнашка көпкө чейин барбасаң гормондор бузулуп, ооруп каласың" деген жаңылыш пикирде болушат. Жыныстык катнаштын негизги максаты - балалуу болуу, демек этек кир менен байланышы жок. Айызыңыз токтоп калса сөзсүз гинекологго баруу керек. Текшерүүдөн өткөндөн кийин гана себеби билинет. Дени сак айымдын этек кири нормалдуу, оорутпай, убагында келет.
0
Пайдалуу жооп