Күйөөмдүн биринчи никедеги балдары үйдү талашпайбы?
2022.02.18, 13:58
4744
Саламатсызбы! Күйөөмдүн экинчи аялымын. Мурунку үй-бүлөсүнөн балдары бар, бой жетип калышкан. ЗАГС бар, ортобузда үч балабыз бар. Кийин балдары келип мүлкүн талашпайбы? Эгер жолдошумдун фамииясына өтсөм, баары мага өтөбү?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
18.02.2022, 13:59
Жаңыл Алымкул кызы
Юрист
Саламатсызбы! КР Жарандык кодексинин 1142 - беренесине ылайык кийин мурасты бөлүштүрүүдө жолдошуңуздун бардык балдары бирдей үлүштө мураскор болушат.
Ошондой эле, сиз жолдошуңуздун фамилиясына өтүп, өтпөгөнүңүзгө карабастан бардык балдары менен бирдей үлүштө, биринчи кезектеги мураскор болуп эсептелесиз.
Юрист Жаңыл Алымкул кызы менен инстаграмдагы @lawyer.janelle баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.
0
Пайдалуу жооп