Ыйлаактыгымдан уялам
Мен 12 жаштамын. Баары жакшы, бирок бир көйгөйүм бар. Мугалимим, атам, апам бир нерсе деп кичине эле үнүн көтөрүп койсо ыйлап жиберем. Мисалы, бир нерсени туура эмес кылып алсам, атам аны урушпай эле түшүндүрүп сурап жатса эле кызырындап жай сүйлөшө албай, ыйлайм. Түшүндүрүп жок андай эмес, мындай деп айта албай көз жашым чыгып кетет. Анан эмнеге ыйлай берем деп ызаланам. Канча аракет кылсам дагы айтыша кетсем эле көз жашым чыгып кетет. Мындан улам ого бетер уялып, ыйлайм. Жардам бериңиздерчи?
Жылдыз Мусамамбетова
Педиатр
Жашың 12де экен. Өзүңдү кармай албай, жөн жерден ыйлап жиберсең богогуң бар болушу мүмкүн. Андыктан ата-энеңе айтып, эндокринологго кайрылып, текшерүүдөн өтүп көр. Анализдердин жыйынтыгына карап, дарылоо курсу аныкталса, айыгып кетесиз. Кабатыр болбоңуз.