Боюмда бар, бирок жатыныма түшө элек экен. Ушундай дагы болобу?
Саламатсызбы! Тест салсам боюмда бар болуп чыкты. Сүйүнүп УЗИге барсам жатыныма түшө элек экен. Үйдөгүлөргө айтып койгом. Түшпөй калса эмне болот? Дагы канча күтөм.
Жамиля Сагинова
Гинеколог-эндокринолог
Саламатсызбы! Сиздикиндей көрүнүш, айрым учурларда боло берет. Тест менен кандын анализи кош бойлуулукту көрсөтөт, бирок УЗИден көрүнбөйт.
15 күндө жатынга түшүшү керек эле. Сизде жатындан сырткары (внематочная) бойго бүтуп калуу коркунучу дагы бар. Мындайда түйүлдүк жумурткасы жатынга түшпөй калып калат.
Тилекке каршы, оперативдик кийлигишүү менен кош бойлуулукту токтотууга туура келет. Бул процедура канчалык эрте жасалса, жатын түтүгүн (трубаны) айрылып кетүүдөн сактап калуу шансы ошончолук жогору болот.
Мен сизге ден соолук каалайм!