Аялым баламды атасынын атына жаздырды. Баладан баш тартсам болобу?
Саламатсызбы! Аялым балабызды кайын атамдын атына жаздырып салыптыр. Эми баламдан баш тартсам болобу?
Жаңыл Алымкул кызы
Юрист
Саламатсызбы! Күнүмдүк практикада баладан баш тартты деп айта беребиз, бирок юридикалык практикада мындай түшүнүк жок. Бул жерде аталык укуктан ажыратуу жөнүндө сөз болуп жатат. Эгер сиз аталык укуктан ажыроону кааласаңыз, нотариуска барып, аталык укуктан ажыроого каршы эмесмин деп макулдугуңузду жазып бересиз. Анан аялыңыз сизди аталык укуктан ажыратуу боюнча сотко арыз жазып, жанагы нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн макулдугуңузду тиркейт. Ошондо процесс бат жүрөт. Ушундай бир жолу бар.
Юрист Жаңыл Алымкул кызы менен инстаграмдагы @lawyer.janelle баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.