Сууктан бетимдин жана колумдун териси жарылып кетти. Эмне кылсам болот?
Саламатсызбы! Сууктан бетимдин жана колумдун териси кургап, жарылып кетти. Териме кантип кам көрөм?
Асель Алымбаева
Косметолог
Күн сууктап үйлөргө жылуулук берилгенден баштап бетибиздин жана колдорубуздун териси ашыкча кургап кетүүгө дуушар болот. Мындайда башкы шарт үйдүн ичиндеги нымдуулукту сактоо.
Андан кийин албетте организмдеги суу балансын көзөмөлдөп туруу керек. Бир күндүн ичинде 2-2,5 литр суу ичиш керек, деп айтсам жаңылык киргизген деле болбойм. Бирок бул рекомендация абдан маанилүү жана аны сактоого аракет кылуу зарыл.
Бетиңизге жана колдоруңузга майлуу крем сүйкөңүз. Ага чейин терини атайын каражаттар менен тазалап алуу керек, алар: гель, пенка, молочко.
Косметкианы териңиздин тибине ылайык тандап алыңыз. Тандоодо косметика саткан консультанттар жардам беришет.