ЗАГСты бузбай туруп алимент өндүрө аламбы?
2022.02.14, 15:12
2972
Саламатсызбы! Мен сотко ажырашуу тууралуу арыз берейин дегем. Нике күбөлүктү бузбай, акча төлөбөй эле алимент өндүрүп алууга толук мүмкүнчүлүк барбы?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
14.02.2022, 15:12
Нурислам Раимжанов
"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи
Урматтуу окурман! Алимент өндүрүү үчүн сөзсүз түрдө нике бузуулусу шарт эмес. Ошондуктан никени бузбай туруп эле алимент өндүрүү жөнүндө арыз менен сотко кайрылсаңыз болот. Ал эми, Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексинин 141-беренесинин, 1-бөлүмүнүн, 2-пунктунун негизинде “доогерлер - алименттерди өндүрүп алуу доолору боюнча- мамлекеттик алымды алуудан бошотулушат” деп көрсөтүлгөн. Ага ылайык сиз акча төлөбөй эле сотко кайрыла бериңиз.
0
Пайдалуу жооп