Мен 19 жаштамын, төшүм "вообще" чыга элек. Эмне үчүн?
2022.02.13, 14:01
740
Саламатсызбы! Мен 19 жаштамын. Төшүм чыга элек. Эч нерсе жок. Бул кооптуубу?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
13.02.2022, 14:02
“Medcenter.kg” медицина борборунун адиси, маммолог
Өспүрүм куракта төштүн өсүүсүнө эстроген гормону жооптуу. Бул гормон канда жетишсиз болсо эмчек өспөй калышы мүмкүн. Калкан безинин гормондорунун деңгээли төмөн болгон кыз-келиндердин да төшү кичинекей болот.
Негизи кыз баланын көкүрөгү 11-12 жашынан баштап өсүп 15-16 жашка чейин толугу менен калыптанып калат. Айрымдарыныкы 18-19 жашына чейин өсөт.
Эндокринологго кайрылып калкан безинин, эстроген, прогестерон, тестостерон гормондоруна анализ тапшырып көрүңүз.
Ошондой эле эмчектин көлөмү тукум кууйт. Апаңыздын, чоң апаңыздын, таенеңиздин, эжелериңиздин төшү кандай эле, сураштырып көрүңүз.
0
Пайдалуу жооп