// //

Бөйрөк көптөн бери жыныстык катнашка барбаган үчүн оорушу мүмкүнбү?

2022.02.10, 14:39
15275

Саламатсызбы! Менин бөйрөгүм ооруп жатат. Мурда мындай жок болчу. Көптөн бери жыныстык катнашка бара элекмин. Ушул себеп болушу мүмкүнбү?

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
10.02.2022, 14:41

Роман Дадажанов

Уролог-андролог, жогорку даражадагы врач, саламаттыкты сактоонун отличниги 

Саламатсызбы! Жок, бөйрөк бул себептен оорубайт. Көпкө чейин жыныстык катнашка бара элек болсоңуз, бел талып оорушу мүмкүн. Эмнеге дегенде конгестивдик простатит (застойный) деген бар, эркектердин бези болот, ошол уюп калат дагы, оорусу бел жакка берилет. Ошон үчүн көбү бөйрөк деп жаңылыш ойлошот. Бөйрөк менен жыныстык катнаштын байланышы жок. Сиз тезинен урологго барыңыз.

Ден соолукта болуңуз!

Уролог Роман Дадажановду инстаграмдагы  @andrologkg баракчасы аркылуу тапсаңыз болот.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт