Күйөөм Москвага кетти. Ал жок жөлөкпул алаламбы?
Саламатсызбы! Күйөөм Москвага кеткенине бир ай болду. Күйөөм жокто жөлөкпулга тапшырып, алаламынбы?
Мелисбек кызы Жаңыгүл
КРнын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин мамлекеттик жөлөкпулдар бөлүмүнүн жетектөөчү адиси
Саламатсызбы! “Үй-бүлөгө көмөк” мамлекеттик жөлөкпулу аз камсыз болгон, 16 жашка чейинки балдары бар үй-бүлөлөрдүн балдарына берилет. Бирок аны алуу үй-бүлөнүн жалпы киршесин үй-бүлө мүчөлөрүнө бөлгөндө, ар бир мүчөгө тийген сумма 1000 сомдон ашпашы керек. Сиздин учурда алалсызбы же жокпу так айтуу кыйын. Анткени, жолдошуңуздун кирешесин так эсептеп чыгуу кыйын. Мынча салат деп айтсаңыз деле, чектебей коюшу мүмкүн.
Сиз кененирээк маалымат алуу үчүн жашаган жериңиз боюнча райондук жана шаардык социалдык өнүгүү башкармалыктарына, КРнын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин жарандар менен иштеген коомдук кабылдамасына кайрылыңыз, 0312 660 107, 0312 45-44-29 номуруна байланышка чыгыңыз, же министрликтин +996 557 700 845 WhatsApp номерине жазыңыз.