Ата-энеси мажбурлап айттырган талак түшөбү? Талак тууралуу 5 суроого жооп
Салам достор! Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармасынын фатва бөлүмүнүн адиси Бактияр Токтогазиев окурмандарыбыздан келип түшкөн талак тууралуу беш суроого жооп берди.
1. Кош бойлуу аялга айтылган талак өтөбү?
Кош бойлуу болобу же болбойбу, айырмасы жок, талак сөзү аялына айтылган болсо, талак кадимкидей эле түшөт. Ооба, боюнда бар аялга талак түшпөйт деген түшүнүк айтылып калат. Бирок ал жаңылыш пикир экенин эскерте кетейин.
2. Ачуунун үстүндө талак айтса түшөбү?
Албетте, түшөт. Ошондуктан биз сабырдуу болушубуз керек. Ачуу келгенде талак менен маселени чечкен өзү туура эмес. Ачуу көп болсо, белгилүү бир убакытка эле кетет, анан таркайт. Ал эми анын кесепети калып калат. Талакты мындай абалда айтып өкүнүп калбаңыз. Шашылбаңыз.
3. Мас абалында айтылган талак түшөбү?
Өтөт. Мастык ар кандай себептен болсо дагы, өзүңдү билбей айтып алсаң дагы талак түшө берет.
4. Аялдын этек кири келип жатканда айтылган талак түшөбү?
Бул кош бойлууга талак түшөбү деген сыяктуу эле суроо. Ооба, мындай учурда дагы түшөт. Мындай туура эмес түшүнүктөргө ишенбеш керек.
5. Ата-энеси мажбурлап айттырган талак түшөбү?
Ооба, ал талак эсептелинет. Мажбурлап "айт", "айтпасаң болбойт" деген учурлар болот. Ата-энем айтып жатат, беришим керек деген өзү туура эмес. Алгач ортодогу түшүнбөстүктөрдү чечкенге аракет кылыш керек. Бер десе, берип койгон жаңылыштык. Жалпысынан, мажбурлап айттырган талак дагы түшөт.