Бир банктан кредити бар туруп, экинчи банктан кредит алса болобу?
2022.02.09, 10:51
7444
Саламатсызбы! "Айыл Банктан" мал чарбачылыкка 500 миң кредит алайын дедик эле. Бирок башка банктан баламдын 30-40 миң сомдук кредитти бар. Ошондо бизге кредит берилбейби? Күрөөгө кыймылсыз мүлк койсок деле берилбейби?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
09.02.2022, 11:00
"Айыл Банк" ААКсынын маалымат кызматы
Саламатсызбы! Эгер кредитти төлөгөнгө жөндөмүңүз мүмкүндүк берсе, ошондой эле мурдагы алган насыяларыңыздын тарыхы жакшы болсо, анда кошумча кредит алсаңыз болот. Маселени кененирээк карап чыгуу үчүн, кредит берүүчү адистен кеңеш сурашыңыз керек. Бул үчүн "Айыл Банктын" жакын жайгашкан бөлүмдөрүнө кайрылыңыз.
0
Пайдалуу жооп