УЗИге түшсөм "тонуңдагы суу тунук эмес экен" дешти. Эми эмне болот?
2022.02.08, 14:52
3027
Саламатсызбы! УЗИге түшсөм "тонуңдагы суу тунук эмес экен" дешти. Бул биринчи кош бойлуулугум. Коркуп жатам. Эмне себептен мындай болушу мүмкүн?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
08.02.2022, 15:01
Раушан Джумагулова
Акушер-гинеколог
Тондогу суунун киргилт болушунун кесепети ар кандай болот (жуккан инфекциядан көз каранды) – жаңы төрөлгөн ымыркайдын узак убакытка чейин сарысы кетпейт, көзү чылпактайт, пневмония болуп же өнүгүүсү артта калышы мүмкүн.
Чарайна суусунун (оклоплодные воды) тунук эмес болушу инфекциянын бирден бир белгиси. Аны дарылоо үчүн дарыгердин көзөмөлүндө болуп, тиешелүү дарыланууну алуу керек. Гинекологдун айткандарын туура аткарып, ичкенден кийин кайрадан УЗИге түшүп анализ тапшырыңыз.
Аман-эсен көз жарып алыңыз!
0
Пайдалуу жооп