Мени эки кыз алдап чакырып тепкилеп салышты. Сотко берсем болобу?
Саламатсызбы! Мени эки кыз алдап чакырып алып, тепкилеп салышты, оозго алгыс уят сөздөр менен сөгүнштү. "Эч кимге айтпа, болбосо мындан да жаман болосуң, жок кылып салабыз" деп коркутушту. Сотко берсем кандай болот? Менин пайдама чечилеби? Больницага бардым, "сотрясение" болупмун. Эксперт көгөргөн жерлерими "жок" деп жазып коюптур. Менин ичтерим көгөргөн болчу. Тосмо арыз жазгандан кийин иш жабылыш керекпи? Же тергөөчү жаппай койсо да болобу?
Нурислам Раимжанов
"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи
Урматтуу окурман! Сиз баяндаган иш кылмыш иши деп эсептелинет. Ал эми мындай иштер тергөөдөн кийин сотко жиберилет. Ошондуктан сиз кылмыш иш боюнча өзүңүз түз эле сотко кайрыла албайсыз. Анткени иш тергелиши керек. Эксперттин корутундусуна макул болбосоңуз, кайрадан эспертиза өткөрүүнү тергөөчүдөн өтүнүч аркылуу сурансаңыз болот. Тосмо арыз боюнча, бүгүнкү күндө тосмо арыз деген жок, кылмыш иштер боюнча тараптар жарашуу жөнүндө макулдашууга келсеңер болот. Демек, тосмо арыз деп жазганыңыз менен иш токтотулбайт.