Көкүрөгүмдүн учу жок, кантип чыгарсам болот?
Саламатсызбы. Буюрса экинчи наристемди күтүм жатам. Мени ойлонткон нерсе көкүрөгүмдүн учу жок. Ошого байланыштуу биринчи балам эмбей калган. Бул баламды эмизип баккым келет. Үй шартында эмчекти кантип чыгарса болот?
“Medcenter.kg” медицина борборунун адиси, маммолог
Эмизүүнүн алдында эмчектин үрпүн колуңуз менен массаж жасап чыгарыңыз. Эмизип жатканда эмчектин кара болуп турган жерлерин катурак кармаңыз.
Ошондой эле эмизердин алдында учуна кичинекей муз коюп көрүңүз. Бул ыкма да үрптүн убактылуу чыгышына жардам берет.
Эмизүүнүн алдында бир-эки мүнөт сүттү сааса да учу чыгат. Колуңуз менен же атайын сүт саагыч менен колдонсоңуз болот.
Аптекаларда эмизүү үчун атайын силикон “накладкаларды” сатышат. Аны менен да колдонуп көрүңүз.