Күйөөмдү сүйбөй калгандан кийин аны менен жатып жүргөнүмө өкүнөм
2022.02.06, 11:11
24022
Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир окурмандын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз. Башкы беттеги сүрөттүн окуяга тиешеси жок.
Алыскы токойлордо бир уруу жашайт. Аларда инструменттер жок, байыркы замандагыдай болуп жашашат. От жагыш үчүн токойдогу чоң-чоң дарактарды кыйышат. Баса, аларда инструмент жок, кантип чоң даракты кыят дебейсизби. Уруудагы бардык адамдар топтолуп, чоң бир дарактын түбүнө келип айланчыктап отурушат. Анан баары күн-түн дебей ал даракты жаман сөздөр менен каргап, урушуп, сөгө башташат. Жапжашыл болуп турган дарак, бир канча убакыт өткөндөн кийин саргайып, куурай баштайт. Анан аны оңой эле кулатып алышат. Мен ошол даракмын.
Күйөөм мага сөгүнбөйүн сүйлөбөйт. Мени көрсө эле кыжыры кайнап турат. Ар дайым мага бакырып урушат. Эмне иш кылмайын жактырбайт. Ал мени эмес, көчөдөгү досторун, телефонун сүйөт.
Биз баш кошкондо баары башкача болчу. Көзүмдүн кареги менен тең айланчу. "Бүпүш" деп жанымдан чыкчу эмес. Жумушунан ар дайым мага бир нерсе көтөрө келчү. Бири-бирибизди катуу сүйөр элек. Экөөбүз эркелешип ойноп жатканда, аалам бизге суктанчу. Кайын энем жактырбай карап турчу.
Эмнеге энелер баласынын сүйгөнүн тапканына кубанбайт?
Күйөөм өзгөрдү. "Апам минтип айтты", "апама эмнеге мындай кылбадың","апам көрүптүргө" ж.б. "Апам" деген сөз көбөйө баштады. Ага кошулуп жалгандар көбөйө баштады. Кылбаган ишимди жасаган болуп чыгып калдым. Айтпаган сөздөрдү айткан болуп чыгып калдым. Күйөөм экөөбүз эркелешпей калдык. Кайын энем жылмайып калды.
Сүйбөй калдым. Идиш жууп жатып күйөөмдү сүйбөй калганымды билдим. Ыйладым. Мен сүйбөгөң адам менен жашай баштадым. Балдарым үчүн өзүмдү курмандыкка чалдым. Мындай кылбай керек экенин билем. Бирок...
Ден соолугум начарлай баштады. Мен соолуп баштадым. Денемди баалабай калдым. Айтайын дегеним, өзүм каалабасам дагы милдетим деп жыныстык катнаштан баш тартпай жүрдүм. Мен сүйбөгөн адам менен жатып калдым.
Билбейм, эмне болгонун билбейм, "ажырашам" дедим. Күйөөм "кетсең кете бер, мага жакшы" деди. Мени кармап калганга аракет кылбады. Менде бир кыял бар эле, могу жашыл дарбазанын эшигин тарс жаап чыгып кетүү. Кыялымды ишке ашырдым.
Ден соолугумдан ажырапмын. Өзүңдөн башка эч кимге керегиң жок экенин билдим. Көп убакыт дарыландым. Мындан ары өзүмдү гана тандайп жана баалайм деп чечтим.
Бүгүн балам биринчи класска барат. Экөөбүз таң эрте туруп тамактандык. Балам күлүп эле мени карайт. Эмне болгонун сурадым. "Апа, көзүңө кремь сүкөдүңбү, жалтылдап жатат" деди. Чуркап барып күзгүгө карандым. Менин көзүм жанып калыптыр.
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.