Эгер сизде бул 12 белги болсо, чачыңыз түшөт
2022.02.05, 18:43
8441
Чач аял затынын ден соолугунун көрсөткүчү. Чачтын түшүүсү бул кыз-келиндердин эң көйгөйлүү темасы. Чачтын түшүүсү боюнча эндокринолог Чолпон Муратова (@dr_myratova) айтып берет.
Бир күндө жүз даанага чейин чачтын түшүүсү норма болуп эсептелет.
Чач түшүүнүн негизги себептери:
- Аз кандуулук, ферритиндин төмөндүгү (нормада 30мкг/л ⬆️);
- Калкан безинин иштөөсүнүн бузулуусу (гипотиреоз зобу);
- Стресс;
- Толук кандуу тамактанбоо жана туура эмес диета кармоо;
- Белоктордун жана Омега 3 майынын тамак ашта жетишсиздиги;
- Витаминдердин жана минералдардын организмде жетишсиздиги. Айрыкча D витамини жана витамин В12, цинк, йод;
- Баш терисинин оорулары;
- Төрөгөн аялдарда жана эмчек эмизген учурда (прогестерон гормонунун жетишсиздиги);
- Менопауза жана гормондордун бузулуусу;
- Инсулинорезистенттик, ашыкча салмактуулук;
- Ичеги-карындардын (тамак-аштын сиңирүүнүн бузулуусу, дисбиоз);
- Албетте тукум куучулук (көбүнчө эркек кишилерде болот).
Мындан бөлөк дагы чач түшүүнүн себептери болот. Туура дарылоо үчүн эң негизги себебин табуу керек.
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.