// //

Айыздын узактыгы бир айга созулса эмне кылыш керек? Гинекологдон жооп

2022.02.05, 18:13
2250

Сиңдимдин айызы келгенде кадимки бойдон түшкөндөй кан келет. Анан узактыгы бир айга созулат, кээде келбей коет. Эки-үч жолу кырып тазалаган, дарыланган. Кайра эле баякы көрүнүш. Эмне кылса болот? Алдын ала чоң рахмат. 

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
05.02.2022, 18:16

Айпери Соурбекова 

Гинеколог-эндокринолог 

Саламатсызбы! Кырып тазалаган дегениңизге караганда диагноз гиперплазия эндометрия. Бул жатындын ички катмары аябай калың өсүп калат дагы ар этек кир келген сайын ушинтип куюлуп, кан көп келип айымдарды кан аздуулукка чейин жеткириши мүмкүн.

Кырып тазалагандан кийин, экинчи этап дарылануу жолу бар. Бүттү дебестен кайра врачка барып көрүнүп туруу керек. Алты айдан он эки айга чейин гормоналдык дарыларды ичүүгө туура келет. Болбосо кайра-кайра кайталана берет.

Ден соолукта болуңуз! 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт