Кош бойлуу кезде суу чечек менен ооруган балага зыянбы? Адистен жооп
Саламатсызбы! 19 жаштамын турмушка чыккам, боюмда бар. Учурда денеме суу чечекке окшогон кызгылт нерселер чыгып кетти. Зеленка сүйкөп койдум. Балага зыяны жокпу?
Дарыгеге көрүнөйүн десем “биз ушинтип эле айыкчык”, деп кайын энем болбой жатат. Үй шартында эмне кылсам болот?
Айпери Соурбекова
Гинеколог-эндокринолог
Саламатсызбы! Дарыгерге жибербей жаткандыгы өкүндүрөт. Мындай учурда учетко алган гинеколог врачыңызга дароо барышыңыз керек эле. Болбосо сөзсүз түрдө "инфекционный больницага" же кожвенерологдорго. Балага зыяны тиет же тийбейт деп 100 пайыз кепилдик бере албайбыз. Кош бойлуу кезде, өзгөчө кичинекей жумада вирустук оорулар менен ооруган коопту.
Ден соолугуңузга кылдаттык менен кам көрүңүз!